22.05.2018 09:24

42 ажы башчыга күбөлүктөр тапшырылды

42 ажы башчыга  күбөлүктөр тапшырылды

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев  Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облусу жана Бишкек шаарынан ажы башчылыкка өткөн 42 талапкер менен жолугушуп, ажы башчылык милдеттин күбөлүгүн тапшырды.

Ажы башчылар менен болгон жолугушууда Муфтий ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 ажыга жооптуу экендигин эскертип, алардын жаны, ден-соолугу аманат экендигин баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий болочок ажыларга коопсуздук, ажылык амалдары жана Сауд Арабияда жүрүүнүн эрежелери боюнча алардын мыйзамдары жана эң оболуу ажылык амалдарын туура аткаруу боюнча сабактарды эртерээк уюштурууну милдеттендирди. Ошондой эле Азирети Муфтий ажы башчылар ажылыкты уюштуруу боюнча штабка баш ийип, алардын тапшырмаларын өз убагында аткарууну эскертүү менен ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрүп келүүгө чакырды.

«Ар бир ажы башчы өзүнүн тобундагы 49 ажы үчүн жооп берет. Ажы башчы болуу өтө жоопкерчиликтүү жана оор иш болуп саналат. Андыктан ар бириңиздер өз тобуңуздардагы болочок ажылар менен жакындан таанышып, алар үчүн коопсуздук, ажылык амалдардын туура аткарылышы жана ыйык жердеги амалдар боюнча сабактарды эрте баштап, алар менен ар убакта тыгыз байланышып туруңуздар. Сиздер болочок ажыларга баргандан келгенге чейин жооптуу болосуздар, ошондуктан алардын ден-соолугун карап, эң башкысы ажылык амалдарын туура аткартууңар керек»,-деди Максатбек ажы Токтомушев.

Ал эми ажы башчылар менен болгон жолугушууда 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын башчысы Жоробай ажы Шергазыев жана КМДБнын ажылык бөлүмүнүн  башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев быйылкы жылы болочок ажылардын коопсуздугу үчүн атайын программа иштелип чыккандыгын айтып, бул өз учурунда адашып же жоголуп кеткен ажыларды табууда өзгөчө салым кошоорун билдиришип, бул дагы болсо ажы башчылардын жумушун жеңилдеткендигин билдиришти. Муну менен катар алар ажы башчыларга тиешелүү документтерди тапшыруунун жол жоболорун үйрөтүшүп, иш кагаздар менен тааныштырышты.