03.07.2018 09:37

Ахунбаев көчөсү Айтматовдон Бакаевге чейин жабылат

Ахунбаев көчөсү Айтматовдон Бакаевге чейин жабылат

Жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси жабылат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Үстүбуздөгү жылдын 5-июлунан тартып, Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Бакаевге (мурунку Чапаев) чейинки бөлүгү ремонт иштери үчүн жабылат.  

Аталган тилкеде жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат. Иш 2018-жылдын 30-августуна чейин уланат.