19.03.2018 16:50

Актан менен Акылай балдарга акчанын баалуулугун түшүндүрүшөт. Улуттук Банктын демилгеси

Актан менен Акылай балдарга акчанын баалуулугун түшүндүрүшөт. Улуттук Банктын демилгеси

Дем алыш күндөрү  «Тунгуч» жаштар театрында “Керемет көч” мультфильминин жаңы сериясы көрсөтүлдү. Өзгөчөлүгү – улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Дүйнөлүк акча жумалыгына арналганы.

Мультфильмдин башкы каармандары Актан менен Акылай балдарга жеткиликтүү тил менен  акчанын баалуулугу, улуттук валюта, үй-бүлө казынасы жөнүндө айтып берип, акчага туура мамиле кылууну түшүндүрүшөт.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын,  эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  катышкан.

«Заманбап шарттарда өз акчаңды туура колдоно билүү - компьютердик сабаттуулук сыяктуу эле керектүү аспапка айланып баратат», – деп билдирди Улуттук Банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

ЮНИСЕФтин  Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы  Юкиэ Мокуо балдарга жаштайынан акча маселелери тууралуу маалымат берүүнүн жана үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:

«Каржылык сабаттуулук – чоңдор үчүн гана эмес, балдар үчүн да  маанилүү тема. Кыргызстандын ийгиликтүү келечеги үчүн кайсы гана тармакта болбосун окутууну кенже  курактан баштоо керек», - деди Юкиэ Мокуо.