13.06.2018 09:48

Ажылык сапарга баруучуларды эмдөө иштери 18-июнда башталат

Ажылык сапарга баруучуларды эмдөө  иштери 18-июнда башталат

2018-жылы ажылык сапарга  баруучулар 18-июндан 29-июнга чейин эмдөөдөн өтүшөт. Бул туурасында муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ажыларды эмдөө пункттары өлкө аймагындагы бардык облустардын оорунун алдын алуу борборлорунда  жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыктарында жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта. 

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга 5 миң 485 орунга квота берген. Бул өткөн 2017-жылга салыштырмалуу 900 орунга көп. Былтыр ажылыкка барууга 4 миң 585 орун бөлүнгөн. 

Ажылык сапар июлдун аягында башталат жана Меккеге барып-келүү  2 миң 890 доллар турат. .