Кыргызстанда быйыл аялдарга Меккеге жалгыз барууга уруксаат берилди
Кыргызстанда быйыл аялдарга Меккеге ажылыкка жалгыз барууга уруксаат берилди. Бул туурасында April.kg порталына Мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
" Жалгыз барууга уруксаат ушул жылы гана берилет. Бара турган аял 55 жаштан жогору, баласы, күйөөсү жок болушу шарт. Каалоочулардан документтер алынып бүттү. Анын жыйынтыгында, 20га жакыны тандалды", -деп билдирет Максат Атабаев.
Ошондой эле, бул жылы Сауд Аравиясы Кыргызстанга 5 миң 485 орунга квота бергенин кошумчалады. Бул өткөн 2017-жылга салыштырмалуу 900 орунга көп. Былтыр ажылыкка барууга 4 миң 585 орун бөлүнгөн.
Максат Атабаев бул жылы ажылык сапар июлдун аягында башталаарын жана Меккеге барып-келүү 2 миң 890 доллар тураарын кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: