13.08.2018 14:57
Азыркынын Ромео менен Жульеттасы. Өзбекстанда кыз-жигит поезд алдына боюн ташташты
Сурхандарья облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн ташташты. Маркумдардын туугандарынын айтымында, кыздын үй-бүлөсү алардын баш кошуусуна каршы болгон. Сурхандарья облусунун темир жол милициясы бул окуяны тастыктады.
10-августка караган түнү Кумкишлак айылында жашаган кыз менен жигит Термез – Кумкурган – Ташкент багыты боюнча бараткан поезддин алдына боюн таштап, мерт болушкан.
“Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кумкишлак айылынын активисттеринин биринин айтымында, кыздын атасы алардын никесине каршы чыккандыктан, жаштар өз өмүрлөрүнө кол салышкан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: