06.04.2018 19:56

Азия Чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчулар сыйланды

Азия Чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчулар сыйланды

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия Чемпионатынын жыйынтыгы менен өзгөчөлөнгөн спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады.

Өкмөт башчы спортчуларды ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүктөрү үчүн куттуктап жана алардын жетишкендиктери атамекендик спорттун потенциалы тууралуу кабар берерин белгиледи.

Премьер-министр белгилегендей өлкөнүн тарыхында грек-римдик стилдеги балбандар Азия чемпионатында командалык эсепте алгач биринчи орунду алганы – бүткүл республика үчүн сыймык.

Сапар Исаковдун айтымында массалык спортту өнүктүрүүгө, коомчулукка дени сак жашоо образын жайылтууга мындан ары дагы Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурулат.

Ал дагы бир жолу «Жаны доорго – кырк кадам» Өкмөттүк программасынын багыттарынын бири атамекендик спортту мындан ары дагы өнүктүрүү болуп эсептелерин белгиледи.

Премьер-министр спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчу жана алардын машыктыруучуларына чын ден соолук, жаңы спорттук ийгилиликтерди каалап, аларга өкмөттүк сыйлыктарды тартуулап, акчалай сыйлык берди.