17.12.2019 16:17

Азиз Батукаевдин чуулгандуу иши боюнча соттук процесс кайрадан жылдырылды

Азиз Батукаевдин чуулгандуу иши боюнча соттук процесс кайрадан жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс кайрадан жылдырылды. Бул ирет 19-декабрга.

Ага себеп, мыйзамдагы уурунун чуулгандуу иши боюнча соттолуп жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп, келбей калганы. Аны жактоочу Нина Зотова кабарлап, процессти башка убакытка жылдырууну суранган.

Анын үстүнө мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы ооруп калганын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге, баш аягы 19 кишиге айып коюлган.

Эске салсак, Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. ИИМ быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.