Ысык-Көлдө 2миң $ пара алып жаткан жеринен прокурордун жардамчысы кармалды (сүрөт,видео)
Ысык-Көлдө 2миң $ пара алып жаткан жеринен прокурордун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылкы К.А. кармалды.
Прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң АКШ $ өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы маалымдалды.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: