10.06.2019 08:37

Балыкчы шаарында батут оодарылып кетип, эже-сиңди жабыркады

Балыкчы шаарында батут оодарылып кетип, эже-сиңди жабыркады

Балыкчы шаарында батут оодарылып кетип, эже-сиңди жабыркады. Бул туурасында шаардын аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 9-июнда Соң-Көл кичирайонунда болгон. Ичинде балдар ойноп жаткан батут шамалдан улам оодарылып кеткен.

«Жалпысынан ооруканага 7-8 бала кайрылган. Алардын экөө – эже-сиңдилер катуу жабыркаган. Жети жаштагы кыздын буту сынса, анын 3 жаштагы сиңдиси башынан катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түштү», -деп билдиришет ооруканадан.

Башка балдар биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.