Балыкчы-Корумду жолун кургандарга айлык акы убагында төлөнбөй келет

Балыкчы-Корумду жолун кургандарга айлык акы убагында төлөнбөй келет

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушунда иштеген жумушчулар айлык акыларын берүү кечиктирилип жатканына нааразы. Алардын айрымдары 2 айдан бери маяна албай иштеп келатса, араларында жарым жылдан бери колуна акча кармай электер бар. Бул тууралуу  жумушчулар April.kg порталынын кабарчысына билдиришти. 

Айтымдарында, Балыкчы- Корумду унаа жолун оңдоо иштери март айында башталган. Учурда жумушчулар айрым тилкелерди асфальт төшөө иштерине даярдап жатышат.

"Жумушка 8-мартта чыкканбыз. Иштөө шарттарыбыз жакшы  эле. Бирок, айлык маселеси көйгөй жаратып келет. Мына, эки айдан бери маяна ала элекпиз. Майдын онунан кийин беребиз деп жатышат. Акча бербесе да,  жумушту үзгүлтүккө учуратпай иштеп жатабыз", - дейт жумушчулардын бири.  

Балыкчы-Корумду жолун тендерден утуп алган кытайлык "Лонг Хай" компаниясы салууда. Учурда аталган жол тилкесин куруу ишине жергиликтүү тургундардан 600гө жакын адам  тартылган.

Эскерте кетсек, Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулуш иштери 2015-жылы башталган болчу. Жалпы  узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталаары айтылган.

Мурдараак Транспорт жана жол министрлиги “Лонг Хай” компаниясы карыздарын эсептөө иштерин жүргүзүп жаткандыктан, куруучулардын айлык акысын берүү создугуп жатканын билдирген эле.