Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду 28-декабрга чейин камакта калтырды
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул туурасында бүгүн, 24-октябрда анын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.
Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен анын камакта калуусун 28-декабрга чейин узартты. Адвокат бул чечимге макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганын айтты.
Эскерте кетсек, мурунку Бишкек мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ибраимов жогорулатылган баада атайын шаймандарды сатып алуу менен «Дастан» ишканасынын мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: