02.07.2018 14:48
Бишкек шаардык мэриясынын чалуулар борборуна бир аптада 896 даттануу жана кайрылуу келип түшкөн
Бишкек шаардык мэриясынын колл- борборуна бир аптада 896 даттануу жана кайрылуу келип түшкөн. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Быйылкы жылдын 22-28 июнь күндөрү шаардык муниципалитеттин колл-борборуна шаар тургундарынан 896 арыз жана кайрылуу түшүп, алардын ичинен 236 кайрылуу катталган.
«Шаар тургундарынын катталган даттануу жана кайрылууларынын 154ү аткарылды», -деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Ошондой эле, кандайдыр бир көйгөйүңүз болсо, 185 жана 1840 номерлерине күн-түн дебей чалып, же 0554-182-185 номерине сүрөткө тартып жөнөтүүгө болоорун эскертет.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: