09.08.2018 16:33

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун 5-октябрга чейин камакта калтыруу өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу April.kg порталына адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. 

Сот отуруму ачык өтүп, алгачкы жолу кабарчыларга да кирүүгө уруксат беришти. Сотто жактоочу Исаковду УКМКнын Тергөө изоляторунда кармап турууга негиз жок экенин айткан. Тергөө учурунда Сапар Исаков бардык документтерди — ID карта, жалпы жарандык паспортун жана дипломатиялык паспортун тийиштүү органдарга тапшырып бергендиктен, бул документтери жок чет жакка чыга албай турганы белгиленди. 

Бул жүйөөлөрдү эске албастан, шаардык сот Биринчи май райсотунун чечимин күчүндө калтырууну чечти. Эскерте кетсек,  Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Мурунку премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деген айып тагылууда.