Бишкек шаарында түндө эки унаанын кагышуусунан 33 жаштагы аял каза тапты
Бишкек шаарында түндө эки унаанын кагышуусунан 33 жаштагы аял каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 21-январга караган түнү болуп өткөн.
Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын кагышуусунан Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял киши каза болгон, айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес.
Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э жабыркашкан.
КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарга «Тез жардам» чакырылган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: