10.04.2018 10:45

Бишкек жана Ош шаарларынын айрым райондорунда эки күн газ жок болот

Бишкек жана Ош шаарларынын айрым райондорунда табигый газ өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирет. 

10-11-апрель күндөрү Бишкекте «Жал-23» кичи районунда жана Ош шаарынын Масалиев, Монуев көчөлөрүндө газ жок болот. Өчүрүү оңдоо иштери менен байланыштуу жүргүзүлөт.