12.07.2018 09:00

Бишкекте бейбаштар тарабынан сабалган «Тазалыктын» жумушчусу ооруканага жаткырылды

Бишкекте бейбаштар тарабынан сабалган «Тазалыктын» жумушчусу ооруканага жаткырылды

Бишкекте өз ишин аткарып жаткан жеринен «Тазалык» ишканасынын жумушчусун сабап кетишти. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«11-июль күнү эртең менен 4 жаш жигит биздин жүк ташуучу жумушчуну сабап, «селсаяк» деп келекелешиптир. Окуя Лущихин көчөсүндө болгон. Биздин балдар таштанды челектерин бошотуп жатышкандыктан, берки жигиттерден бир мүнөт күтө турууну өтүнгөн, акыркы челекти бошотуп коюп, алар кетишмек. Бирок, эки жигит таштанды тазалоочу унаанын айдоочусун башка тарапка алып кетиптир. Калган экөө жүк ташуучубузду муунтуп, таштар менен согуптур. Азыр ал жумушчу ооруканада. Милицияга арыз жазылды», -деп айтылат маалыматта. Ошондой эле, муниципалдык ишкана ызы-чуудан кийин тартылган тасманы жарыялады.