22.05.2018 12:19

Бишкекте Чоң Чүй каналына таштанды челекти ыргытып жиберишкен

Бишкекте жол жээгинде турган таштанды салган челекти Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен. Бул туурасында «Тазалык» ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Фейсбуктагы баракчасына жазып, тасманы жарыялады.

Анда көрүнүп тургандай, "Тазалыктын" кызматкерлери суудан таштанды челегин чыгаруу менен алектенишүүдө. Каракееванын айтымында, бул 6-учур.