26.06.2018 14:26
Бишкекте эки көчө оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды
© Бишкек мэриясы
Эки көчө тилкеси оңдоп-түзөө иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Токтогул көчөсүнүн Гоголдон Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде тротуарлар, арыктар жана жол белгилери жасалып-түзөлүп бүттү. Көчө чыгыш тарапты көздөй 630 метрге узартылды.
Аламүдүн дарыясы аркылуу өтчү көпүрө даяр болоюн деп калды. Ал көпүрө Токтогул көчөсүн Мамбетов көчөсү менен бириктирип, ал аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле, 7-апрель көчөсүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул жерде Чүй проспектиси менен Анкара (Горький) көчөсүнүн ортосунда 2 чакырым 200 метр аралыкта оңдоо иштери жүргөн.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: