11.04.2018 16:41

Бишкекте убактылуу жабыла турган жолдордун картасы

Бишкек шаарынын тургундары бүгүн көздөгөн жерине адаттагыдан кеч жетишти. Буга айрым көчөлөрдөгү курулуш иштери себеп болууда. Быйыл өлкө бюджетинен жана алынган насыялардын эсебинен борбор калаанын бир катар көчөлөрү оңдолот. Шаар тургундары бара турган жерине алдын ала маршрут түзүп албаса, жолдо бир катар кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн дешет Бишкек мэриясы. Убактылуу жабыла турган көчөлөр менен, таанышып алыңыз.