16.08.2018 09:00

Бишкекте кеңсеге айланган эки бала бакча имараты кайтарылып алынат

Бишкекте кеңсеге айланган эки бала бакча имараты кайтарылып алынат

Өкмөттүн чечими аркылуу дагы эки бала бакча өз максатында пайдаланыла баштайт. Борбордогу 6-кичирайондогу мурунку балдар бакчасында учурда – Октябрь райондук Социалдык фонд башкармалыгы, ал эми 11-кичирайондогу бала бакча имаратында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын фонду жайгашкан.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова калаадагы билим берүү объектилерин кыдыруу максатында эки имаратты өз максатында пайдалануу боюнча чечим кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 19-апрелинде № 1511-1-VI «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө» токтому кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө максаттуу пайдаланылбаган бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтаруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана ведомстволор жайгашкан бала бакча имараттарын түздөн-түз багыты  боюнча пайдалануу үчүн  аларды бошотуу маселелерин кароо сунушталган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик менчикте турган жана максатсыз пайдаланылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 73 имаратын бошотуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.