13.06.2018 10:56
Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы 2 көчө унаа кыймылы үчүн жабылат
Бишкекте дагы бир нече көчө тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына таянып, шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-июндан 15-июлга чейин Үсөнбаев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бир чакырымды түзгөн бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот.
Ал эми, 16-июндан 30-августка чейин Айни көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Токтоналиевге чейинки бөлүгү жабылат.
Аталган эки тилкеде тең калыбына келтирүү иштери жүрүп, жол төшөмү жаңыртылып, жаңы жол жээктер коюлат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: