11.07.2018 13:52

Бишкекте Салиева көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү ачылып, башка тилкеси жабылды

  Бишкек жолдорун оңдоо (3 материала)
Бишкекте Салиева көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү ачылып, башка тилкеси жабылды

Бишкекте Салиева көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында шаар мэриясынан билдиришти. 
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүнтөн тартып Салиева көчөсүнүн Калининден Лермонтовго чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн ачылды.

Бул тилкеде бир нече айдан бери оңдоо иштери жүрүп, жол төшөмү алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлган.

12-июлдан тартып, көчөнүн Лермонтовдон Ауэзовго чейинки тилкеси жабылат. Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына карата иш толугу менен бүтүрүлөт.