10.07.2018 16:34

Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат

  Бишкек жолун оңдоо (1 материал)
Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат

Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 12-июлдан баштап, Үмөталиев көчөсүнүн Рыскуловдон Жибек Жолуна чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат.

Бир айдын ичинде бул тилкеде жол төшөмү алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлат. Иш 12-августка чейин уланат.