18.10.2018 16:28
Бишкектеги №23565 аскер бөлүгүндө чуркоо сынагы учурунда аскер кызматкери каза тапты
Бишкектеги Абадан коргонуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүндө аскер кызматкери каза тапты, деп тастыкташты April.kg порталына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы прапорщик аскер бөлүктө 2015-жылдан бери иштеп келген.
«Бизде аскер кызматкерлери ай сайын, жарым жыл сайын, анан бир жылда бир чуркоо боюнча сынак тапшырып турушат. Мурунку зачетторду прапорщик ийгиликтүү тапшырып жүрчү. Бул жолу 3 чакырымга чуркоо сынагы учурунда эс-учун жоготуп, кулап калды», - дешет Башкы штабдан.
Прапорщик ооруканага алып бараткан жолдо үзүлүп кеткен.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: