07.08.2018 09:00

Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө эс алып кайтышат

Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө эс алып кайтышат

Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө барып, эс алып кайтышат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Калаанын Октябрь районунда жашаган 25 бала балдардын ден соолугун чыңдоочу«Келечек» лагерине 12 күнгө жөнөтүлдү. Эс алуу жайы Ысык-Көлдүн түндүк тарабында жайгашкан, аны Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары каржылайт. 

Балдарды эс алууга алардын ата-энелери, туугандары жана шаар кеңеш депутаттары менен райондун акими Ренат Айтымбетов узатышты.

Лагерде балдар үчүн ар кандай спорттук иш-чаралар уюштурулуп, ийримдер өткөрүлүп турмакчы.