Бишкектин 5-кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулаган өспүрүм каза тапты
Бишкектин 5-кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кулап кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-апрель күнү болжол менен 21:50дө Октябрь райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичирайондо көп кабаттуу үйдөн өспүрүм кулап түшкөнү тууралуу маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу жөнөтүлүп, алар барганда үйдүн жанынан 2007-жылкы Б.А. аттуу баланы көрүшкөн. Анын 7-кабаттан кулап кеткени белгилүү болгон.
Жерине «Тез жардам» унаасы чакырылып, Б.А. эс-учун жоготкон абалда 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок, дарыгерлердин аракетине карабастан, өспүрүм эсине келбей каза болду.
Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: