20.06.2018 08:30

Болочок ажыларды сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөө жүрүүдө

Болочок ажыларды сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөө жүрүүдө

Баткенде быйылкы ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө  башталды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Быйыл аталган облустан 591 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан. Учурда алар облустун борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө алып жатышат. Баткен облусу боюнча ажылыкка жооптуу адис А.Жакыповдун айтымында эмдөө 19-июндан 26-июнга чейин жүргүзүлөт.

Ошондой эле, учурда Баткен облусунан ажылык сапарына баруучу жарандарга Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев атайын ажылык парздар, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу зыяраттар боюнча кеңири айтып берип, ажылык парздын бардык ибадат шарттарын үйрөтүүдө.

Ал эми, Ысык-Көл облусундагы болочок ажылар 21-июнь күнү Каракол шаарындагы эмдөө борборунан эмдөөдөн өтүшмөкчү. Учурда Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга баруучу 87 талапкерге  Каракол шаарындагы “Иброхим ажы” мечитинде жана Балыкчы шаарындагы “Ырыс” борбордук мечитинде сабактар өтүлүп, ажылыктын жол жоболору түшүндүрүлүүдө.