11.06.2018 17:49

Боом капчыгайы 5 күн катар маал-маалы менен жабылат

Боом капчыгайы 5 күн катар маал-маалы менен жабылат

Боом капчыгайы 5 күн катар маал-маалы менен жабылып турат. Бул чара капчыгайдагы таштарды күч менен кулатуу иштерине байланыштуу көрүлөт, деп билдирет "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 11-июнунан тартып, 15-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

«Бул автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 11-июнунан тартып, 15-июнга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат  9-00дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат. Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат. Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт», - деп жазылат маалыматта.