09.07.2018 10:08

Боталиев көчөсү жаңылоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды

Боталиев көчөсү жаңылоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды

Боталиев көчөсү жаңылоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Боталиев (мурунку Щербаков) көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, колдонууга берилди. Бул көчөнүн Манастан Махантма Гандиге чейинки бөлүгүндө 3 айдан бери оңдоо  иштери жүрдү. 

Ал тилкеде тротуралар менен арыктар оңдолуп, жол төшөмү жаңыланып, жол чийиндери салынып, жаңы жол белгилери орнотулду. 

Эскерте кетсек, өткөн жылы оңдоп-түзөө иштери Боталиев көчөсүнүн чыгыш бөлүгүндө - Манас-Элебесов көчөлөрүнүн ортосунда  жүргөн.

Жалпысынан 3 чакырым 230 метрди түзгөн жолдо жаңылоо жүрдү.