18.09.2018 10:24
Чүй облусунун Ак-Жол айылынан снаряд табылып, жерине сапёрлор жиберилген

© ГКНБ КР
Чүй облусунда эскирип, дат баскан снаряддар табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
2018-жылдын 17-сентябрында Сокулук районунун РИИБине аталган райондун Ак-Жол айылынан снаряддар табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине дароо УКМКнын, ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлери жөнөтүлүп, ал жерди кароо учурунда эски, дат басып, колдонууга жараксыз болуп калган 8 даана снаряд табылган. Учурда аларды коопсуз жакка ташып барып, жок кылуу боюнча иштер жүрүүдө.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Май 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
Выбранная дата: