02.10.2018 12:35

Дарыгерлер маршрутка коюп кеткен инспектордун абалы тууралуу билдиришти

Дарыгерлер маршрутка коюп кеткен инспектордун абалы тууралуу билдиришти

Жөө жүргүнчүлөрдү сактайм деп өзү маршруткага урунган инспектордун абалы канааттандыраарлык, бир жума ичинде ооруканадан чыгып калышы мүмкүн. Бул туурасында April.kg порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

«Кечээ бизге түшкөндөн кийин башын компьютердик томографияга тартып, медициналык текшерүүдөн өткөрдүк. «Мээси чайкалган» деген диагноз коюлуп, нейротравма бөлүмүнө жаткырылган. Андан сырткары, денеси, булчуңдары жанчылып кетиптир. Азыркы абалы канааттандыраарлык. Тиешелүү дары-дармектерин алып жатат. Буюрса, бир жуманын ичинде ооруканадан чыгарылып калышы мүмкүн», -деди башкы дарыгер. 

Бүгүн өкмөт башчы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буюрган. Мындан тышкары, ИИМге  кырсыкты тыкыр жана обьективдүү иликтеп чыгуу тапшырмасын берген. 

Эскерте кетсек, кечээ,1-октябрда болжол менен 9.00дө Чүй проспектисинде нөөмөттө турган инспектор, милициянын старшинасы 31 жаштагы Марат Султаналиев катуу ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобусту көргөн.

Бул учурда мектеп окуучулары жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдон өтүп баратышкан. Старшина Султаналиев балдарды коопсуздандыруу максатында жолдун ортосуна чуркап чыга калган.

Бирок, өзү унаанын соккусуна кабылып, 10 метр ары учуп кеткен. Жерине тез жардам чакыртылып, жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жеткирилген. Кийинчерээк, айрым ЖМКлар «инспектордун бели үзүлүп кетиптир» деген маалыматты таратышкан эле.