01.10.2018 12:22

Бишкекте жол тескөөчү өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен мектеп окуучусун сактап калды

Бишкекте жол тескөөчү  өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен мектеп окуучусун сактап калды

ЖКККББ инспектору өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен мектеп окуучусун сактап калды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 1-октябрда болжол менен 9.00дө Чүй проспектисинде нөөмөттө турган инспектор, милициянын старшинасы  Султаналиев М. катуу ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобусту көргөн.

Бул учурда мектеп окуучулары жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдон өтүп баратышкан. Старшина Султаналиев балдарды куткарып калуу үчүн жолдун ортосуна чуркап чыга калган.

Унаанын соккусунан инспектор 10 метр ары учуп кеткен. Жерине тез жардам чакыртылып, учурда жабырлануучу  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жеткирилди.  

Фото Sputnik Кыргызстан сайтынан алынды.