26.05.2020 12:35

Бишкекте эртең менен эки ири жол кырсыгы катталды ( сүрөт)

Бишкекте эртең менен эки ири жол кырсыгы катталды ( сүрөт)

Бишкекте эртең менен эки ири жол кырсыгы катталды, жабыр тарткандар бар. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгондор билдиришти.

Бүгүн, 26-майда эртең менен саат 08:30 чамасында Лев Толстой жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа менен мотоцикл кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинде мотоциклдин айдоочусу жеринде каза тапкан.

Ал эми экинчи жол кырсыгы бүгүн Түшүк магистралда саат 08:00 чамасында жүз берген. Жол кырсыгына портер унаасы учураган. Кырсык катталган жерден күбөлөр сүрөт жүктөштү. Жабыр тарткан тууралуу маалымат такталууда.