22.05.2020 11:44

Бишкекте чак түштө кампа өрттөндү

Бишкекте чак түштө кампа өрттөндү

Бишкек шаарында түштүк магистраль тарапта өрт чыкканы тууралуу жаңылыкты социалдык тармактардын колдонуучулары чыгарып, видеолор менен бөлүшүштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тилсиз жоо Масалиев менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин имаратын чулгаган.

Такталган маалыматка караганда, өрт «Сары-Челек» ресторанынын жанындагы май сактаган кампадан тутанган.

Өрт тууралуу маалымат бүгүн, 22-майда саат 10:2де түшкөнү кабарланды. Жалынды басууга 4 өрт өчүрүү бөлүм тартылганы айтылат. Кампанын чатыры күйүп кеткен, жабыр тарткандар жок. Ал эми ресторанга өрт жеткен эмес.