26.05.2020 15:10

   Ивановкада  азык-түлүк саткан дүкөн өрттөндү

   Ивановкада  азык-түлүк саткан дүкөн өрттөндү

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылында азык-түлүк саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу  өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кече 25-майда, саат болжол менен 14:16тө катталган. Жалпы аянтты 200 чарчы метр болгон “Амина” дүкөнүнөн өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.

Учурда өрттүн себеби такталууда.