04.05.2020 14:30

Александровка айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Александровка айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылында жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышты. Бул туурасында активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы өздүк баракчасына видео жүктөдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда жол кырсыгы бүгүн катталган. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок. Күбөлөрдүн айтымында айдоочу менен жеңил унаанын жүргүнчүлөрүн ооруканага алып кетишти, алардын арасында жаш бала бар.