Депутат: Бишкек экологиялык кыйроонун чегинде
Бишкек экологиялык кыйроого жакындап калды. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Бүгүн, 28-ноябрда депутат Дастан Бекешев парламенттин отурумунда Бишкектин булганган абасы боюнча маселени көтөрдү.
Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча, жылына экология үчүн деп 900 миллион сом бөлүнөт. Анын басымдуу бөлүгү айлык-маянага сарпталат. Ал эми Бишкек түтүнгө уулугуп отурат.
Ал эми мамлекеттик экотехинспекциянын башчысы Мирслав Аманкулов “Бишкекте 400 миңден ашуун автоунаа жүрөт. Күнүнө линияга 3 миң кичи автобустар чыгат. Жаңы конуштарда көмүр арбын жагылат. Газификациялоо керек. Анын үстунө электр энергиясын колдонууга чектөө бар. Балким аны азайтсак, аба бир аз болсо да тазармак”, - деп билдирди.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: