Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду
Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Бул ирет Кулматовду Кылмыш кодексинин 350-беренесинин 2-пункту (Билип туруп жасалма документти колдонуу) жана 346-берененин 1-пункту ( Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) менен айыпташууда.
Маалыматта, «Кубанычбек Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССР жараны паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россия паспортун алып, аны менен бирге аталган өлкөнүн жарандыгын алган. 1996-жылы 26-ноябрда Россия жараны болуп туруп, жараксыз (жоголгон) паспортун колдонуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук паспорт столунан Кыргызстандын жаранынын паспортун алган. Кийин 2001, 2003 жана 2013-жылдары бир нече ирет паспорт алмаштырган. Мындай жол менен Кубанычбек Кулматов Россия жараны болуп туруп, мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган», -деп жазылат.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: