04.05.2018 14:57

Индияга барууну көздөгөн жарандарга кулак кагыш

Индияга барууну көздөгөн жарандарга кулак кагыш

Индия өкмөтү Кыргызстанды электрондук виза бериле турган мамлекеттердин катарына кошту. Бул маалымат менен КР ТИМ бөлүштү.

Аталган  Е-Visa  тутуму кыргыз жарандарына Индия элчилигине кайрылбай туруп эле, интернет аркылуу виза алууга мүмкүнчүлүк  берет. Анүчүн Индияга сапар тартууну максаттагандар indianvisaonline.gov.in дарегине кириши керек.

Буга байланыштуу суроолор жаралса, бул  email-дарекке кайрылууну сунушташат: indiatvoa@gov.in

Индия электрондук визасы 3 категорияда берилет: саякаттоо, иш сапар (бизнес) жана медициналык. Арыз берүүчү  адам онлайн арызды учаар күнүнөн 4 күн мурун  бериши керек.  

Виза алуу үчүн кайрылуу четке кагылса, демек, жүктөгөн документтериңиздин сүрөтүнүн сапаты талапка жооп бербейт.

Электрондук виза берүүдө консулдук жыйым 50 АКШ долларын түзөт.  Банк карталарынан акча которгондо 2,5 % комиссия кармалат. 

Арыз таштаган адам Индияга жөнөөрдө жанына электрондук визанын кагазга басылып чыгарылган көчүрмөсүн алып алышы керек.

Ага чейин жогоруда аталган сайтка кирип, сизге виза берилген-берилбегенин (берилсе «Granted»деп турат ) тактап алуу зарыл.  Индияга келген жарандан сөзсүз биометрикалык маалыматтар алынат.

Электрондук виза Индияда 60 күн жүрүүгө укук берет. Электрондук саякаттоо жана иш сапар визасын эки жолудан  ашык колдонууга болбойт.  Медициналык виза менен 3 ирет өлкөгө кирүүгө уруксаат берилет.