13.06.2018 09:00

Ишкерлерди опузалоо менен акча өндүрүп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ишкерлерди опузалоо менен акча өндүрүп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ишкерлерди опузалап, акча өндүрүп жүргөн кылмыштуу топ колго түштү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын май айынын ортосунда ИИМдин Криминалдык милиция кызматына кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерди коркутуу менен акча алып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

«Маалыматты тактоо учурунда зомбулукка кабылган ишкер Чүй облусунун тургуну экени аныкталды. Кара ниет адамдар бир нече жылдан бери аны коркутуп-үркүтүү менен 3 миңден 20 миң сомго чейин акча каражатын өндүрүп жүрүшкөн. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери опузалап акча алып жүргөн адамдын кылмыштуу топтор менен тыгыз байланышы бар экенин аныктады», -деп жазылат билдирүүдө.

Аталган  факт боюнча 170-берене (Акча талап кылуу) менен иш козголуп, анын алкагында айтылган топту аныктоо жана кармоо боюнча иш чаралар жүрдү.

Ыкчам-иликтөө иш чаралардын арты менен кылмышты Чүй районунун 1994-жылкы тургуну М.А. уюштурганы анык болду.   Ал Кемин районундагы мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектелип, Тергөө изоляторунда кармалып турган. Камакта экенине карабай, ишкерлерди коркутуп акча алууну уюштуруп келген.

Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кылмыш үстүндө  кармоо максатында Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери атайын операция өткөрүштү.  

Анын жыйынтыгында, акча алып жаткан жеринен Токмок шаарынын тургундары 1986-жылкы М.Р. жана 1974-жылкы К.Э колго түшкөн. Аларды тинтүү учурунда табылган предметтер кылмыш ишинде далил катары кызмат кылмакчы. Тергөө уланууда.