05.04.2019 09:36

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  5-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде эки унаа кагышканы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 84-чакырымында «Фольксваген Гольф-3» жана «Тойота Ист» унаалары сүзүшкөнүн аныкташкан.

«42 жаштагы Чүй облусунун тургуну К.М. өзүнүн «Фольксваген Гольф-3» унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, 56 жаштагы Түп районунун тургуну Д.Ш. айдап бара жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Гольф-3» унаасынын айдоочусу,  анын 41 жаштагы аялы, 5 жана 4 жаштагы эки баласы алган жаракаттарынан улам  жеринде каза болушкан.  Ал эми «Тойота Ист» унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 37 жаштагы К.М. жана айдоочунун 6 жаштагы кызы М.Н. жана дагы бир жүргүнчү денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканага жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда жол кырсыгы тууралуу бардык маалыматтар чогултулууда.