Калаада #Art140bishkek искусство фестивалы өтүп жатат
Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде #Art140bishkek искусство фестивалы өтүүдө. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Фестиваль- Бишкек шаар мэриясынын колдоосу менен, Мадания, маалымат жана туризм министрлиги, чыгармачыл демилгелерди колдоо фонду тарабынан уюштурулган.
Көргөзмөнүн максаты- жаратылыш баалуулуктарын, шаар тарыхын сактоо, жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
Көргөзмөдө 140 эмгек коюлуп, алардын жетимиши - живопись болсо, калганы жаратылыштын кооздугу, тарыхый-маданий имараттар чагылдырылган сүрөттөр, шаар тургундарынын жана балдардын портреттери. Мыкты чыгармалар кайрымдуулук акцияларына жумшалат. Кирүү акысыз.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: