25.04.2018 09:01

Калаадагы катуу бороондон өчкөн электр жарыгы калыбына келтирилип жатат

  калаадагы катуу шамал (5 материалов)
Калаадагы катуу бороондон өчкөн электр жарыгы калыбына келтирилип жатат

Калаадагы катуу бороондон өчкөн электр жарыгы калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу «Түндүкэлектро» ишканасынан билдиришти.

Бишкекте кечээ кечки саат 19:20ларда башталган катуу шамал 8 тилкени жарыксыз калтырган. Жарык өчүшүнө электр чубалгыларына шактардын түшүшү себеп болгон.

Чүй облусунда шамалдан бактар кулаганы айтылат. Токмок шаарынын айрым райондорунда да жарык өчкөнүн кечээ тургундар билдиришкен.