Нарын шаарында куюн аралаш шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти
Нарын шаарында куюн аралаш шамал турак үйлөрдүн чатырларын учурган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Нарын облусунун Нарын шаарында 2018-жылдын 12-август күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырларын учурган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу(ЖК) комиссиясы тартылган.
Куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам беришкен жана ЖК комиссиясы тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бүгүн,13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: