Карылар үйүндөгүлөр балдарынын жазаланышын каалашпайт. Же бир тагдыр
Бишкектин социалдык стационардык жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ден соолугун чыңдоо мекемесинде 200дөй карыя туруктуу жашайт. Алардын айрымдары такыр төшөктөн тура албаса, кээ бири өз алдынча баса албайт.
Балдарынын төрүндө ысык чай ичип отурчу курагында карылар үйүндө баш калкалагандардын бири - Алтымыш Курманалиев. Карыя ушул эле мекемеде жашаган Навикан Асаналиева менен баш кошкон. Бул мекемеге келе электеги жашоосу деле жакшы болгон эмес.
Башкача жашоону эңсеп, Кеминден Бишкекке келген Алтымыш карыя өтүкчү болуп иштеген. Өтүкчүнүн тапканы эмнеге жетсин? Же үй ала алган эмес, же балдарына жакшы билим бере алган эмес. Бул мекемеге келип калышына да балдарын күнөөлөбөйт.
“Менин колумда жок болсо, баламдын да колунда жок болот. Жакырчылык тукум кууйт окшобойбу. Эгер менин акчам болсо, бул жерде жашабай үй сатып албайт белем. Балама да үй сатып бербейт белем”, -дейт муңканган карыя.
Жетпеген жашоодо жашаганы аз келгенсип, үй-бүлөнү кырсык тооруйт. Кичүү уулу жол кырсыгына кабылып, каза табат. Ал эми мындан 3 жыл мурун улуу уулу Ленар Курманалиев дайынсыз жоголот. Жалгыз калган карыя кийим-кечегин көтөрүп, карылар үйүнө баса берет.
Алтымыш аксакал депутат Тазабек Икрамовдун “ата энесин карылар үйүнө таштаган жаштарды кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек”, -деген сөзүн уккан. Бирок, ал эл өкүлү сунуштаган мыйзам долбооруна караманча- каршы. Карыя “Биз го жашаарыбызды жашадык, бир аз кыйналаарбыз, ичер суубуз аз калганда балдарга зыяныбыз тийбесин”, -дейт.
Бишкек социалдык стационардык мекемесиндеги карыялардын көпчүлүгүнүн шаарда уул-кыздары бар. Бирок аны журналисттерге ачык айтуудан коркушат, дешет карыялар үйүнүн кызматкерлери. Анткени, чүрпөлөрү тууралуу коомчулукка маалымат чыгарып, алардын уятка кабылышын каалашпайт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: