18.12.2019 09:50
Кемин районунда 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти
Балыкчы—Жел-Арык темир жол тилкеси убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган тилкеде 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен.
Учурда кырсыктын себептери такталып жатат. Мындан сырткары темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.
Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: