Кыргыз спортчулары Алматада өткөн Шотокан каратэ-до WSKF боюнча кубоктон 10 алтын медаль менен кайтышты
Шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандан барган спортчулар 10 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медаль утушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынан кабарлашты.
Мелдеш үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун спортчу катышкан.
Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган.
Турнир ката жасоо жана кумутэ (спортчулардын жекеме-жеке беттеши) боюнча эки бөлүктөн өтүп, ката жасоо боюнча 6 алтын медаль, кумутэ боюнча 4 алтынга ээ болушкан.
Ошентип 200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: