12.10.2018 12:37

Кыргызстан тарыхындагы эң мыкты шахмат жетишкендиги

Кыргызстан тарыхындагы эң мыкты шахмат жетишкендиги

Кыздардын курама командасы бүткүл дүйнөлүк 43-шахматтык олимпиадада “С” тайпасы боюнча алтын медалдарды тагынып, Кыргызстанга кезектеги жеңишти алып келишти. Ушундай эле ийгиликти мамлекеттин капчыгына 2014-жылы Норвегияда өткөн олимпиадада Кыргызстандын эркектер курама командасы түшүргөн болчу. Эске салсак быйыл, 185 мамлекеттин шахматчылары катышкан олимпиада 24-сентябрдан 5-октябрга чейин Грузиянын Батуми шаарында өткөн. Ал жерде алтын тагынган спортчулардын жамаатын бир гана нерсе өкүндурөт: азырынча бийлик өкулдөрү бул спорттун түрунө кайдыгер мамиле жасап, атүгүл жеңүүчулөрүбүзду куттукташа да элек.

Биздин кабарчыларыбыз олимпиадалык чемпиондорду шахмат талаасында беттешүүгө чакырышты. Чыгармачылык топтун сунушун 17-жаштагы Бегимай Заирбек кызы кабыл алды. Жаш шахматчы алты жылдан бери спорттун бул түрү менен алектенет. Эки ирет олимпиадалык мелдешке катышып, акыркы жолу Кыргызстанга алтын медаль менен кайтты. Бегимайга каршы кабарчыбыз Аман Бакиров чыкты. Оюн канча убакытка созулганын өзүнөн угуп көрөлү.