20.03.2018 15:35

Кыргызстанда быйыл аялдарга Меккеге жалгыз барууга уруксаат берилди

  Мекке (1 материал)
Кыргызстанда быйыл аялдарга Меккеге  жалгыз барууга уруксаат берилди

Кыргызстанда быйыл аялдарга Меккеге ажылыкка жалгыз барууга уруксаат берилди. Бул туурасында April.kg порталына Мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди. 

" Жалгыз барууга уруксаат ушул  жылы гана берилет.  Бара турган аял 55 жаштан жогору, баласы, күйөөсү жок болушу шарт.  Каалоочулардан  документтер алынып бүттү. Анын жыйынтыгында, 20га жакыны тандалды", -деп билдирет  Максат Атабаев.

Ошондой эле, бул жылы Сауд Аравиясы Кыргызстанга 5 миң 485 орунга квота бергенин кошумчалады. Бул өткөн 2017-жылга салыштырмалуу 900 орунга көп. Былтыр ажылыкка барууга 4 миң 585 орун бөлүнгөн. 

Максат Атабаев бул жылы ажылык сапар июлдун аягында башталаарын жана Меккеге барып-келүү  2 миң 890 доллар тураарын кошумчалады.